Жандандыруу бөлүмүндө жаткан ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге ооруканадан билдиришти.
Дарыгерлердин айтымында, ырчы жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, үйүнө чыгарылды.
Белгилей кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ