Бишкекте жеке менчик үйдөн сейф менен биргеликте акча каражатын уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-майда Бишкектин тургуну укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, ири өлчөмдө акча каражатын сейф менен биргеликте уурдап кетишкенин айткан. Анын ичинде 2 миллион сом, 1400 доллар, 625 евро жана 250 миң рубль болгон.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси “Уурдоо” боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Милиция кылмышка шектүү катары 41 жана 45 жаштагы жарандарды кармады. Соттун чечими менен алар эки айга СИЗО-1ге жайгаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ