Menu

COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга келген чет элдик дарыгерлерге эстелик сыйлыктары тапшырылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-августта, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде коронавирустук инфекция пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жардам көрсөтүү үчүн Россия Федерациясынан жана Түркия Республикасынан келишкен дарыгерлерге-мекендештерге ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыктарды министр Чыңгыз Айдарбеков тапшырды.

Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө вирустук пандемияга каршы күрөштө дарыгерлердин баа жеткис салымын белгиледи жана алар көрсөткөн кесипкөйлүк консультативдик жардамдарды жогору баалады.

«Пандемиянын күчөгөн учурунда сиздер оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын өмүрлөрүн сактоо менен 3 миңден ашык адамдарга медициналык жардамдарды көрсөтүп, эң татаал участоктордо иштедиңиздер. Сиздер барыңыздар кызыл зонада эмгектендиңиздер, бирок клиникалык дарылоодон тышкары, семинарларда жана лекцияларда жергиликтүү дарыгерлерди окутуп, аларга дем берип, тажрыйбаңыздарды жана билимиңиздерди бөлүшүүнү уланттыңыздар. Албетте, Сиздер учурдун баатырларысыздар», – деп Ч.Айдарбеков баса белгиледи.

Ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана саламаттыкты сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 мекендеш-дарыгер «КР ТИМге 75 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды. «Covid-19» пандемиясы менен күрөшүүдө өзүн аябаган эмгеги жана салымы үчүн» 31 дарыгер-мекендешке КР ТИМдин ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: