Бүгүн, 8-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 9 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 4
Ысык-Көл облусу – 1
Ош облусу – 1
Баткен облусу – 2
Нарын облусу – 1
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1460.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 39 миң 587. Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны бир суткада 517 адамды түздү. Оорудан айыккандардын жалпы саны 31 миң 281 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ