Kaktus.media маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиевди суракка алуу буйругун Кара-Суу районунун прокурорунун жардамчысы Улан Арстанбеков берген. Бул тууралуу журналисттерге Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга 7-июль күнү Кара-Суу районундагы Фуркат айылында “Баястан” ресторанында санитардык-карантиндик эрежелер бузулгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери жана санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкерлери барган.
“Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Буга чейин ресторандын администраторуна 13 миң сом айып пул салынган. Бирок, ошого карабастан, эки жумадан кийин ал жерде дагы бир той болуп өттү. Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишин тергөөнүн алкагында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн ресторанда тартылган тасма боюнча Марат Уралиев мыйзам чегинде суракка чакырылган. Бул учурда мыйзамдын талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ар бир жагдай боюнча тактоо зарылчылыгы бар”, – деп кошумчалады милиция бөлүмүнөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ