Menu

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Бишкек шаардык соту айыпталуучуларга карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карады.

Маалыматка ылайык, Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан, мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылды. Кармоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ал сот залында камактан бошотулган.

Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза берилген жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: