Menu

Бишкекте партиялар100 кишинин катышуусунда съезд өткөрүүгө уруксат алышты

Бөлүшүү:

Жарандык коргонуу боюнча комиссия Бишкекте саясий партияларга санитардык талаптарды аткаруу менен съезд өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, съедддин башталышында имараттын ичи хлор кошулган каражаттар менен дезинфекцияланышы керек. Вентиляция системасы жок болсо, 60 мүнөт сайын желдетип туруу зарыл. Съездге 100 кишинин гана катышуусуна уруксат берилет.

Мындан тышкары съездге келгендердин дене табы өлчөнүп, колдоруна антисептик чачылышы, катышуучулар шахматтык ыкма менен 1,5-2 метр аралыкта отургузулушу шарт.

Беткап режими катуу көзөмөлдөнүп, дене табы 37 градустан жогору болгондор имаратка киргизилбеши керек.

Мыйзамга ылайык, саясий партиялар съезд өткөрүп, 20-августка чейин БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек. Партиялардын көбү жыйындарын ушул жумага белгилеген.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Бишкекте 50дөн көп киши катышкан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: