Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири, чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ирактын мамлекеттик телеканалы билдирди, ага шилтеме кылып чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Касем Сулеймани Багдад эл аралык аэропортуна жасалган аба соккусунда каза болгон. Бул Американын президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылган аскерий операция болгонун Пентагондун өкүлү билдирген. Касем Сулейман менен бирге «Элдик мобилизация күчтөрү» кошуунунун өкүлү Абу Махди ал-Мухандис да жок кылынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ