Menu

Мирзиёевдин күйөө баласы Триатлон федерациясы менен MMA ассоциациясынын жетекчилигинен кетти

Бөлүшүү:

Өзбекстан президентинин кенже күйөө баласы Отабек Умаров Триатлон федерациясы менен ММА ассоциациясынын (Эрежесиз эр уруш) башчылыгынан кеткенин жарыялады.

ММА ассоциациясынын жана Триатлон федерациясынын 14-августтагы биргелешкен жыйынында Отабек Умаровдун ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндөгү арызы канааттандырылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитети билдирди.

Умаровдун арызында ММА ассоциациясы жана Триатлон федерациясы көп убакытты жана көңүл бурууну талап кыларын, учурда бул шартты аткарууга мүмкүн болбой жатканы жазылган.

«Өзбекстан – бардык тармактарда, анын ичинде спортто жеңишти көздөгөн жаштардын өлкөсү. Алар дүйнө алдында Өзбекстандын кадыр-баркын көтөрүшөт. Аз убакыт аралыгында биз пикирлештерибиз менен бирге көп иш жасай алдык, бирок дагы баары алдыда. Алардын жеңиши үчүн бул уюмдарда иштелип чыккан пландар да, керектүү ресурстар да бар. Менин ордума келген кишилер дени сак жашоо образы жана жогорку спорттук жетишкендиктер үчүн Өзбекстанда ММА менен триатлондун позициясын бекемдөө боюнча багытты улантат деп ишенем», – деген Отабек Умаров.

Умаров Триатлон федерациясын 2019-жылдын март айынан бери, ММА ассоциациясын 2019-жылдын ноябрь айынан бери башкарып келген.

Жыйында Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов Триатлон федерациясынын төрагасы, Өзбекстан коргоо министри Баходир Курбанов ММА ассоциациясынын башчысы болуп шайланган.

Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров – бир эле учурда президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: