Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Рука в руке» коомдук бирикмесинин борборуна барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова 2012-жылдын сентябрь айында негизделген «Рука в руке» аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды.

Аталган борбордо аутизмдин ар-кыл формасынан жабыркаган балдар даярдыктан жана абилитациядан өтөт, ошондой эле мында ата-энелер, медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар жана тренингдер өтөрүлөт.

Аида Исмаилова балдарды натыйжалуу адаптациялоо жана социалдаштыруу үчүн дартты эртелеп аныктоо жана кийлигишүү боюнча долбоор менен таанышып чыкты.

Борбордун жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №675 токтому менен бекитилген «Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобого» өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: