Menu

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар эс алууга келген жарандарды сабап салышты

Бөлүшүү:

Чолпон-Атада жергиликтүү тургундар эс алуучуларды сабап салышты. Бул тууралуу Альфия Сайфутдинова аттуу колдонуучу Фейсбуктагы “Кара тизме – бизге жаккан жок” группасына жазган.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар Чолпон-Ата уурулар шаары экендигин айтып, андан кийин жаңжал чыккан. Натыйжада эркектердин бири башынан жаракат алган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мушташуу фактыны тастыктады. Бирок, департаменттин айтымында, жабырлануучулар жеке айыптоону токтотушкан.

«15-августта милицияга Бишкек шаарынын тургундарын Чолпон-Ата шаарынын жээгинде белгисиз адамдар сабап салышкандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери эки жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, андан кийин аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси боюнча катталган. Кафелердин биринде эс алуучулар менен белгисиз эки жигиттин ортосунда кайым айтышуу болгон.

Андан кийин жабыр тарткандар шаардын жээгине барышкан, алар менен чатакташкан адамдар да ошол жерге келишкен. Экинчиси аларды сабап, окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок, окуядан кийинки күнү эртең менен жабырлануучулар каршы арыз жазган», – деп билдирди ИИМ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: