Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана жеке ишканалардын кызматкерлеринин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү жазылган декларацияны жарыялоону баштады.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылкы кирешеси 890 миң 994,19 сомду түзгөн. Анын мүлкүндө аянты 160 чарчы метрди түзгөн үйү, 60 чарчы метрди түзгөн бакчасы, 61,45 гектар жери жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар.
Президенттин жакын туугандары 3,7 миллион сом табышкан. Алардын 64 чарчы метрди түзгөн батир жана “Лексус 470” үлгүсүндөгү унаасы, ошондой эле аянты 20,6 гектарды түзгөн жер мүлкү бар.
Декларацияда Жээнбековдордун үй бүлөсү 2017-жылы канча чыгаша болгону жазылган эмес.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ