Токмок шаардык соту 46 жаштагы И.О. аттуу жаранды аялынын өлүмү үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.
Маалыматка ылайык, жубайлар 25 жыл бирге жашашкан. Спирт ичимдиктерин ичип жатканда, бөлмөдө чогулган жубайлар ортосунда чатак чыгып, анын кесепетинен эркек киши күч колдонуп аялды бешинчи кабаттан түртүп жиберген.
“Чүй облустук соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Бирок, Жогорку Сотко берилген кассациялык арызында, соттолуучунун адвокаты аял өз өмүрүн кыйганын жана соттолуучунун күнөөсү далилденбегендигин билдирди. Адвокат белгилегендей, ал жаш кезинде психиатриялык клиникада дарыланган. Ошондой эле, кулаган учурда аял балкондо жалгыз калган жана айыпталуучу бөлмөдө болгон”, – деп айтылат өкүмдө.
Жактоочу айыпталуучунун кылмышка катыштыгы далилденбегендигин билдирди. Бирок, Жогорку Сот төмөнкү соттордун өкүмдөрүн күчүндө калтырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ