Бүгүн, 20-августта Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинен өлүм катталган жок. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Баткен облусунда пневмониядан бир адам каза болгонун жарыялаган.
Бөлүмдө айтылгандай, кечээ каза болгон бейтап тууралуу маалымат бүгүнкү статистикалык маалыматка кирип калган.
Ошентип, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмониядан 1 миң 54 адам көз жумган.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын өлүмүнүн себептерин талдап, каза болгондордун саны боюнча статистиканы кайра карап чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ