Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу журналисттерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, О.Т. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 19-мартта 13 миң сом карыз алып, кайтып келгенден кийин эки эсе көбөйтөм деп убада кылган таанышына каршы чара көрүүнү өтүндү.
Дагы бир жабырлануучу ушундай эле арыз менен кайрылган. Кылмышка шектүү андан 10 миң сом алган.
“Андан кийин дагы бир жаран арызданып, шектүү адамга 14 миң сом акча каражатын берген. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү, 44 жаштагы М.Д. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө абагына камалды. Азыркы учурда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кармалган адамды ушул сыяктуу аракеттер үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен дагы 15 арыз келип түшкөн. Жалпы келтирилген зыян 300 миң сомду түзгөн”, – деп билдиришти милициядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ