Menu

Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоевдин жана Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу Бекбоев Турдуназирдин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Дыйканбаев Курманбек Сапаровичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 21-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: