Бүгүн, 25-августта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын имаратынын жанына 100дөн ашык адам чогулду.
БШКнын “Кыргызстан” саясий партиясынын маселеси боюнча жумушчу тобунун отуруму саат 14.00дө өтмөк.
Азыркы учурда имаратка журналисттер чакырылган. Жолугушууга башка партиялардын өкүлдөрү дагы катышат.
БШКга “Бир Бол” жана “Социал-демократтар” партияларынын өкүлдөрү келишти, ошондой эле “Реформа”, “Кыргызстан” партияларынан дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ