Menu

Видео – Барак Обама Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөдү

Бөлүшүү:

Шейшемби кечинде АКШнын президенти Барак Обама Чикагодо элге коштошуу сөзү менен кайрылды. Дал ушул шаарда анын саясий карьерасы башталып, 2008-2012-жылдардагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктоолорду ушул жерде кабыл алган.

«Мен мында жарандар чогулуп, өзгөрүүлөрдү талап кылганда гана өнүгүү болорун түшүндүм. Бул жалгыз гана менин пикирим эмес, бул америкалык долбоордун, өзүн-өзү башкаруу тармагындагы биздин өткүр экспериментибиздин негизи», — деди президент.

Обаманын айтымында, АКШ акыркы сегиз жылда бир топ өзгөрүүлөргө туш болуп, дүйнөлүк саясаттагы ордун бекемдеди. Ал ошондой эле сегиз жыл мурунку айткан сөздөрүнүн ишке ашканын белгилеп, Куба менен мамиленин калыбына келиши, машина куруу индустриясы жанданганын жана башка мисалдарды келтирди.

Обама анын президенттигинин лейтмотиви жарандардын тең мүмкүнчүлүктөрүн болушунча кеңейтүү болгонун айтты. Ал мисал катары медициналык камсыздандыруу системасын реформалоону жана сексуалдык азчылыктарга үй-бүлө куруу сыяктуу башкалардыкындай укуктун берилишин айтты.

Барак Обама — коштошуу сөзүн өзүнүн туулуп-өскөн шаарында сүйлөгөн алгачкы президент. Буга чейинки мамлекет башчылардын көбү президенттик акыркы сөзүн Акүйдө сүйлөп келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: