Menu

Тажикстанды 28 жыл башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон кайрадан президенттикке көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Тажикстандын азыркы мамлекет башчысы, 67 жаштагы Эмомали Рахмонду Өз алдынча кесиптик кошуундар федерациясы президентикке 26-августта көрсөттү.

Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. 2013-жылкы шайлоодо ал расмий маалыматтарга ылайык, добуштардын 84% алган.

Буга чейин беш партия өз талапкерлерин президенттикке көрсөткөн. Шайлоо 11-октябрда өтөт.

Бул эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо. Мурдагылардын баарында Эмомали Рахмон жеңген.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Талапкер жогорку билимдүү, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, өлкөдө он жылдан кем жашабаган, жашы 30дан жогору болуш керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: