Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери Молдовановка айылында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү жаранды кармашкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Өздүк текшерүү учурунда 7 даана баштыкка оролгон кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында 3 килограмм 460 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты болуп чыккан. Баңгизатын алып жүргөн жаран 29 жаштагы Т.К. атуу борбор шаарыбыздын жашоочусу экендиги такталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Бањгилик каражаттарды, психотроптук заттарды, прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ