Menu

Минскиде милиция демонстранттарды кууп таркатты

Бөлүшүү:

Милиция Минскинин борбордук аянтындагы акция катышуучуларын кууп таратты.

Күбөлөр толкундоолордун катышуучулары кармалганын билдиришүүдө. ОМОН кызматкерлери 100дөй кишини католиктердин Ыйык Симеон жана Ыйык Елена чиркөөсүнө 40 мүнөттөй кармап, чыгарбай турду.

Соцтармактардын колдонуучулары мобилдик интернет кыска мөөнөткө өчүрүлгөнүн кабарлашты. Алардын айтымында, бул Эгемендүүлүк аянтына ОМОН аскерлери келген маалда болгон. Мобилдик интернет начарлаганын А1 провайдери да тастыктап, бул бийликтин тапшрмасы менен ишке ашканын билдирди.

Минскинин 20 районунда жана Минск облусунун Сеница айлында беларус парламентинин төмөнкү палатасы — Өкүлдөр палатасынын депутаттарын чакыртып алуу демилгеленди. Бул тууралуу Tut.by. билдирди.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн. Расмий маалымат боюнча азыркы президент Александр Лукашенко шайлоочуларын 80% добушун алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, көптөгөн бурмалоолорго жол берилгенин айтууда.

Шайлоо өткөндөн бери Беларуста Лукашенконун отставкасын талап кылган жапырт нааразылык акциялары өтүүдө. Бийлик демонстранттарга каршы күч колдонду. Миңдеген адам кармалып, алар ОМОН жана башка милиция бөлүктөрү тарабынан куугунтукталып, ур-токмокко алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: