Menu

Колледждердин кайсы адистиктери боюнча ишке орношуунун көрсөткүчү жогору

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2016-жылдан тартып Кыргыз Республикасында жаштарга кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү концепциясы ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Бул тууралу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Ишке ашыруунун натыйжасы баштапкы жана орто кесиптик билим берүүдөгү билим алуучулардын контингентинин жогорулашы болду. Өзгөчө олуттуу өсүү колледждердин деңгээлинде байкалууда: 2011-2012-окуу жылына салыштырмалуу студенттердин санынын өсүүсү 46% түздү.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына 25-30 миң студент кабыл алынат. Орто кесиптик билим берүү системасында ишке орношуунун пайызын жогорулатуу үчүн бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү методологиясы ишке киргизилген.

Бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоо даярдоо багытына жана адистикке жараша окождордун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу 40%дан 70%га чейин түзгөндүгүн көрсөттү.

Ишке орношуунун дээрлик жогорку пайызын тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары жаатындагы адистиктери, ошондой эле инженердик-техникалык жана курулуш профилиндеги адистиктер көрсөтүүдө. Орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 30%дан ашыгы окуусун улантуу үчүн жождорго тапшырууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: