Menu

Тажикстанда белгилүү ырчы каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ислом Анварзода

Тажикстанда белгилүү ырчы Бахром Гафури каза болгон жол кырсыгына байланыштуу Душанбе шаардык прокурорунун мурдагы орун басары Ислом Анварзодага каршы кылмыш иши козголду.

7-августта Анварзодага таандык Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа Душанбеде «КамАЗ» менен сүзүшкөн. Кырсыктан ырчы Гафури каза болуп, унааны айдап бараткан Анварзода менен дагы бир жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген.

Прокурордун мурдагы орун басарына каршы кылмыш иши «Жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча козголду. Ага ылайык, күнөөлүү деп табылган адам беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, он жыл белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынат.

Дарыгерлердин айтымында, жол кырсыгынан кийин комада жаткан Анварзода бир нече күн мурда өзүнө келди. «Анын сол колу жана оң буту сынган. Азыр абалы туруктуу болгону менен толук айыгып кетүүсү үчүн убакыт талап кылынат», — деди дарыгер.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: