Menu

Видео – Минскте 150дөн ашык киши жана 20га жакын журналист кармалды

Бөлүшүү:

Бейшемби күнү кечинде Минск шаарынын Эркиндик аянтында укук коргоо кызматкерлери 20 жакын журналистти кармашты.

TUT.BY сайтынын маалыматына караганда, бул басылманын эки журналисти, ошондой эле «Свобода», «Би-Би-Си» радиолорунун, Reuters, Associated Press, «Белсат», ТАСС, «РИА Новости» агенттиктеринин, «Наша Нiва», «БелаПАН», «Комсомольская правда — Беларус» басылмаларынын кызматкерлери кармалды.

Ички иштер министрлигинин Минск шаардык башкармалыгынын расмий өкүлү Наталья Ганусевич кармалган ЖМК өкүлдөрү тек-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилгинен билдирди.

ТАСС агенттиги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып, Минсктеги элчилик орусиялык журналисттердин кармалгандыгы тууралуу маалыматтарды текшерип жатканын билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча бул күнү ОМОН Эгемендик аянтындагы акциянын 150дөн ашык катышуучусун кармады.

Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өткөн. Расмий маалымат боюнча азыркы президент Александр Лукашенко шайлоочуларын 80% добушун алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, көптөгөн бурмалоолорго жол берилгенин айтууда.

Шайлоо өткөндөн бери Беларуста Лукашенконун отставкасын талап кылган жапырт нааразылык акциялар өтүүдө. Бийлик демонстранттарга каршы күч колдонду. Миңдеген адам кармалып, алар ОМОН жана башка милиция бөлүктөрү тарабынан куугунтукталып, ур-токмокко алынды.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: