Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов Дыйкан айылы жана Кара-Кече кени ортосундагы убактылуу жолду ачуу маселесин кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Дыйкан айылы жана Кара-Кече кени ортосундагы убактылуу жолду ачуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кыска мөөнөттө «Кара-Кече» көмүр кенинен көмүр ташууну өз учурунда камсыздоо максатында унаа каттамын калыбына келтирүү тапшырылды. Мындан тышкары, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКга кыска мөөнөттө көмүр кенине электр энергиясын берүүчү түркүктөрдү калыбына келтирүү тапшырылды.

Белгилесек, мындан мурда катуу жааган жаан-чачындан улам Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун тилкесинде таш кулап, натыйжада, 300 миң метр куб көлөмүндөгү шиленди пайда болгон. Анын ксепетинен электр түркүктөрү жабыркап, «Кара-Кече» көмүр кенинин борбордук кен казуучу жерине жол жабылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: