Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров парламенттик көпчүлүк коалициясынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталды. Бул тууралуу журналисттерге БШКдан кабарлашты.
БШК мүчөсүнүн орду Назарали Арипов чыккандан кийин бош калды. Ал “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюуну көздөп жатат.
Шайназаровду “КСДП”, “Республика-Ата Журт”, “Бир Бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” кирген азыркы чакырылыштагы көпчүлүк коалиция көрсөткөн.
Көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Шайназаров парламенттин депутатынын мандатын тапшырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ