Menu

Нарындагы бугу-маралдарды Кыргызстандын бардык аймактарына көчүрүп, көбөйтүү милдети жүктөлдү

Бөлүшүү:

КРнын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна барып, маралдарды кармоо шарттары менен таанышты.

Маалыматка ылайык, ал коруктардын жана жаратылыш парктарынын башчыларынын алдына уникалдуу экосистеманы, флора жана фаунаны коргоо жана сактоо, ошондой эле Нарын коругунда жашаган маралдын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Мирслав Аманкулов маралды сактап калуу, көбөйтүү жана жашоо чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарына бугу-маралдарды көчүрүп көбөйтүү милдетин баштоону тапшырды.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги “Батыш Тянь-Шандагы маралдарды реинтродукциялоо” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2018-жылдын июнь айында Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан 9 марал башын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Балтыркан токой коругуна көчүргөнүн белгилейт.

     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: