Ысык-Ата районунда эркек киши 5 жашар баланы зордуктоого аракет кылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 5-июлда милицияга Бишкек шаарынын 1957-жылы туулган тургуну К.Б.А. арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн жарандык никедеги күйөөсү Ж.К.Ж. 2015-жылы туулган небересин зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы азырынча бул факты боюнча комментарий бере элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ