Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду. Мындай чечим кечээ, 2-сентябрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Таалайбек Масабиров өз эрки менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арыз бергени такталды. Ал 2020-жылдагы шайлоого ошол эле партиянын тизмеси менен барат.
Анын ордуна, тизмеде кезекте турган Байгазы Кенжебаев бош калган мандатты алды. Бирок, Жогорку Кеңеш мындан арты иштеши күмөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ