Menu

15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган деп айыпталган жигиттин сотко чейинки тергөө иши токтотулду

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 20 жаштагы бала 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган деп айыпталууда.

Буга чейин кыздын туугандары милицияга 20 жаштагы балага чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ушул жылдын февраль айында жигит туулган күндө жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган.

Ошол эле учурда, 2020-жылдын 7-июлунда Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2020-жылы февраль айында ыплас иш-аракеттерди жасаган 20 жаштагы балага чара көрүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-берене боюнча катталган. Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмү сотко чейинки процесстер башталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү айыптоону колдоодон баш тартып, тараптардын элдешкендигине байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө арыз берген. Натыйжада, сотко чейинки тергөө токтотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: