Бүгүн, 3-сентябрга карата өлкө боюнча дагы 99 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары – 17;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу – 11;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 20;
Баткен облусу – 20.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 44 миң 135.
Өткөн суткада 279 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 39 миң 174 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ