Menu

Фергана башчысынын отставкасын талап кылган сохтук блогер камактан бошотулду

Бөлүшүү:

Сохтук видеблогер Хайдаржон Бобохайдаров (псевдоними – Дадахон Хайдаров) камактан бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

Хайдаржон Бобохайдаров 22-августта Фергана облусуна караштуу Сох районундагы башаламандык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалган.

Анын атасы Шерали Эралиев уулунун башына кап кийгизип, тик учак менен алып кетишкенин айткан.

1-июнда өлкөнүн башкы көзөмөл органы Сох районунун алты тургуну кармалып, аларга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 22 жаштагы Хайдаржон Бобохайдаров жана 28 жаштагы Дилмурод Махбубов бул иште шектүү катары көрсөтмө беришкен.

Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жарандарды камоо мөөнөтү 48 сааттан ашпоосу керек. Айрым учурда сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарат же күрөө менен бошотот. Ошол эле маалда шектүүгө 10 күн ичинде айып тагылышы керек. Болбосо анын бөгөт чарасы жокко чыгарылат же камактан бошотулат.

Блогердин камактагы мөөнөтү 23-августтан тарта эсептеле баштаган. 2-сентябрь – процессуалдык мөөнөтүнүн акыркы күнүндө тергөө ага айып таккан жок.

Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, аларды Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыргытышкан.

1-июнда районго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барган. Анын алдында сүйлөгөн блогер Дадахон Хайдаров аймакта чечилбей келген бир катар көйгөйлөрдү айтып, Фергана облусунун башчысын алмаштырууну өтүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: