3-сентябрда КР Тышкы иштер министрлигинде КР ТИМ Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелерди талдоо Борборунун түзүлгөндүгүнө байланыштуу кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Министрликтин жетекчилик курамы, ошондой эле Дипломатиялык Академиянын Ректору жана Проректору катышты.
Бул Борбор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылы КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен болгон Кеңешменин жүрүшүндө Дипломатиялык Академиянын жана дипломатиялык кызмат органдарынын тышкы саясат, эл аралык мамилелер багытындагы аналитикалык ишмердүүлүгүн бекемдөө жагында койгон тапшырмасын аткаруу үчүн түзүлгөндүгүн Министр Ч.А.Айдарбеков белгиледи.
Жаңы түзүлгөн Борбордун жетекчиси болуп экс-Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев дайындалды. Ал жаңы түзүмдүн ишинин мүнөзү жана келечектүү багыттары боюнча конкреттүү сунуштарды айтты.
КР ТИМ Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелерди талдоо Борбору учурдагы тышкы саясий процесстерди ар тараптуу талдоону жүзөгө ашыруу жана практикалык мүнөздөгү узак мөөнөттүү болжолдуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ