Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырбоо чечими үчүн БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимине сот аркылуу даттануу конституциялык укук болуп саналат жана саясий уюм аны колдонот.
Ал партия 10 жылдан бери чыдап келгенин кошумчалады. «Бирок, белгилүү болгондой, биздин өлкөдө укукту мыйзамдуу жол менен коргоо кыйын. Эл кандай чечим кабыл алат, мен эл менен биргеликте өз укуктарыбыз үчүн күрөшөбүз ”, – деди Адахан Мадумаров.
Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Өмүрбек Суваналиев партияны шайлоо жарышынан чыгаруу саясий буйрук деп билдирди. “Бүтүн Кыргызстанды” парламентке өткөрбөй турганы айдан ачык болду.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 3-сентябрда БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясы съездде бекитилген тизмесин бузган деген шылтоо менен каттоого каршы добуш беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ