Menu

Өзбекстан: жарандарга никеге турууда кош фамилия алууга уруксат берилди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда жарандарга никеге турууда кош фамилия алууга уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кызматтар агенттиги билдирди.

«Жаш жубайларга кош фамилия алууга уруксат берилет. Мисалы, күйөөсүнүн фамилиясы Ахмедов, аялыныкы Шухратова болсо, никени каттоодо алар эки фамилияны тең көрсөтө алышат. Тактап айтканда, күйөөсү Ахмедов-Шухратов, аялы – Ахмедова-Шухратова деген фамилия алса болот», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Өзбекстанда никеге турган жарандар негизги фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап, же мурдагы фамилиясын калтыра алышчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: