Menu

Адахан Мадумаров: “3 күндөн бери Бишкектеги эң мыкты деген юристтер менен отуруп даярдандык, “Бүтүн Кыргызстанды” каттабай коюуга ийненин жылчыгындай да себеп жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда БШКнын буга чейинки чечимине каршы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын  доо арызы каралганы турат. 

Соттук отурумга келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттерге учурдагы кырдаал тууралуу комментарий берди.

“Кыргыз сотунан баарын күтсө болот. Айрыкча, БШКнын кабыл алган чечиминен кийин эч нерсеге таң калбашы керек. Саат 17:57ге чейин “Бүтүн Кыргызстан” катталсын деген чечим туруп, танапис жарыялангандан кийин такыр башкача чечим болду. Ошон үчүн соттон баарын күтсө болот” – деп билдирди Адахан Мадумаров.

Анын айтымы боюнча, үч күндөн бери юристтер менен кеңешип, алар каттоодон баш тартуунун бир дагы себебин табышкан эмес.

“3 күндөн бери Бишкектеги эң мыкты деген адвокат, укук коргоочулар менен отуруп, күнү-түнү даярдандык. “Бүтүн Кыргызстанды” каттабай коюуга ийненин учундай да жылчыгы жок. Ошондуктан кабыл алышы керек” – деп белгиледи Адахан Мадумаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: