Menu

БШК “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Максат Чунуевди чыгарды

Бөлүшүү:

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен Максат Ишимбаевич Чунуевди чыгаруу жана КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинин каттоо жөнүндө” №68-чечиминин талапкерди каттоо бөлүгүнөн М.Чунуевди каттоо боюнча чечимдин күчүн жоготкондугу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул чечим КР БШКсына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине талапкер М. Чунуевдин аталган партиянын талапкерлер тизмесинен чыгаруу боюнча арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: