Коомдук активист, көзү азиз Каныбек Мырзаканов 12-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына Алмаз Атамбаевдин колунан сыйлык алуууга чакырылган эле. Бирок Каныбек Мырзаканов Алмаз Атамбаевдин колунан сыйлык алуудан баш тартты.
Каныбек Мырзаканов 1941-45-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон 100дөй кыргызстандыктын дарегин издеп тапкандыгы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган.
Мырзаканов өзүнүн мындай кадамын Атамбаевдин “Ата-Мекен” партиясын “сасык” деп атагандыгы жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди күнөөсүз камап койгондугуна байланыштырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ