Menu

Баткен облусунда КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Баткен облусундагы КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

КРнын БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана КРнын вице-премьер-министри А. Мадумаров Баткен облусундагы шайлоо участкаларынын даярдык процессин облустук жетекчилик, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкуулашты.

Штабдын башчылары шайлоо участкаларында болушуп, Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, Баткен облусунун бир катар айыл өкмөттөрүндө УШКлардын материалдык-техникалык жабдылышын текшеришти.

Учурда Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы иштеп, анда жалпы саны 289518 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын контролдук тизмеси шайлоо участкаларында илинген.

Баткен районунун шаарларында жана айыл өкмөттөрүндө биометрикалык каттоодон өтүүчү 26 пункт бар. Шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык плакаттар жана баннерлер илинген.

КРнын БШКсы менен УШКнын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана телекөрсөтүү мониторлору таратылды. Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан берилген. Гаджеттер билим берүү максатында, участкалык комиссиянын мүчөлөрү жана шайлоочулар үчүн дагы бирдей колдонулат, бул үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен видеотасмалар тартылган.

УШКларды пандустар жана чакыруу баскычтары менен жабдуу иштери динамикалуу жүрүп жатат, ДМЧА муктаждыктарынын карталары түзүлүп, алардын негизинде алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүлөт. Комиссиянын мүчөсүн чакыруу баскычтары майыптарга, кичинекей балдары бар ата-энелерге жана улгайган адамдарга арналган.

Шайлоо участкаларында маалыматтык жана үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундар бөлүнгөн.

Ушул этапта комиссиялардын мүчөлөрүнүн (3 шаардык жана 3 округдук шайлоо комиссиясынын 72 мүчөсү, участкалык шайлоо комиссиясынын 2675 мүчөсү) ден соолугун коргоо максатында 4400 медициналык бет кап, кол кап жана 440 литр дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) таратылды. Шайлоо күнү УШК мүчөлөрү үчүн респираторлор, бардык шайлоочулар үчүн бет каптар жана кол каптар берилет.

Облустук жана шаардык штабдын отурумунда Н. Шайлдабекова мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти, атап айтканда, административдик ресурсту партиялардын шайланышына жана талапкерлердин кызыкчылыгына пайдалануусу боюнча эске салды. Ошондой эле ал шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүдөн алыс болуп, мыйзамдарда көрсөтүлгөн чектерде комиссияларга жардам берүүгө чакырды.

Бул түзөтүүлөр добуш сатып алуу үчүн жооп бере турган субъекттердин чөйрөсүн дагы кеңейтти. Шайлоочулардын добушун сатып алуу – кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракет болуп саналат, ал үчүн талапкердин өзү гана эмес, анын жакын туугандары, талапкердин өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдар, мурда болгондой, ошондой эле добуш сатып алууда катышкан ар бир жаран жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Талапкерлердин жана партиялардын добушун сатып алуу 220000 сомдон 260000 сомго чейин айып пул салынат же 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат. Шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда түзүлгөн Ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушу керек.

Өз кезегинде, А.Мадумаров жергиликтүү бийликке УШКларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону, шайлоодо технологиялык жабдууларды коргоону, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле, мамлекеттик органдарга региондогу эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармоо жана объектилердеги санитардык нормаларды жана талаптарды, жарандардын ден соолугун коргоо чараларын камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: