Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда 8-сентябрда түн ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тез жардам саат 00:56 чамасында чакырылган.
Кагылышуунун натыйжасында бир адам ошол жерден көз жумган. Абалы оор болгон бир жабырлануучуну тез жардам кызматы ооруканага жеткирүү үчүн алып кетишкен. Келе жатып ошол тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылган.
Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучуну алып бара жаткан тез жардам кызматы кырсыкка кабылды. Натыйжада фельдшер жана айдоочу жеңил жаракат алышкан. Ал эми бейтап ооруканага башка тез жардам кызматы менен жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ