Menu

Депутат Дастан Бекешов шайлоочулар эмне үчүн №2 формасы менен башка шайлоо участкаларында катталып жаткандыгын айтты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындгы баракчасына шайлоочулар эмне үчүн №2 формасы менен башка шайлоо участкаларында катталып жаткандыгын жазып чыкты.

“Шайлоочулардын шаарлардан айылдарга жана тескерисинче кыймылы “жумшак” рейтингге байланыштуу болуп жатат. “Жумшак” рейтинг – бул талапкердин белгилүү бир шайлоо участкасында добуш топтоо милдети. Эгерде талапкер добуш топтой албаса, анда ал “өз ыктыяры менен” мандатын тапшырат. 

Мисалы, мен Түптөн болом, бирок Бишкекте жашайм. Партия мага Бишкек шаарындагы 20 шайлоо участкасынан талапкер болууга тапшырма берди, ал эми менин башка партиялашым Түпкө көрсөтүлүп жатат. Мени Бишкекте тааныгандар аз экенин билем. Досторумдан, туугандарымдан жана айылдаштарымдан келип, №2 форма аркылуу каттоодон өтүүсүн суранам. Менден чай-пай. Мен макул болгондорду шайлоо участогуна эки жолу алып келем: каттоо үчүн жана шайлоо күнү. Эң башкысы партиядан өтүү керек, талапкер болсо өз добушун көрсөтүшү керек. Болбосо, бир жерге тебишет” – деп жазган депутат.

https://www.facebook.com/dastan.bekeshev/posts/3192499857470318

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: