Бүгүн, 11-октябрда парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.
Сурак 6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу экени белгилүү болду.
“Алар бир нече суроолорду берип, коё беришти” – деп жазды ал.
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков түрмөдөн бошотулган. Мындан тышкары, ошол эле түнү парламент депутаттары тарабынан жактырылган премьер-министр Садыр Жапаров абактан бошотулган.
Кечээ, 10-октябрда Атамбаев кармалып, абакка киргизилген. Ага башаламандыктарды уюштурган деген айып тагылууда. Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Мурунку президенттин уулдары суракка алынып, үй камагына бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ