Menu

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы уулунун камакка алынышы боюнча эмне деди?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров анын уулу Аброр катышкан окуя тууралуу журналисттерге комментарий берип, жабырлануучунун шектүүгө эч кандай дооматы жок экендигин билдирди.

Анын айтымы боюнча, уулу Аброр чынында эле милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок ал уулу жеке өзүнө таандык эки унааны уурдап кеткенин баса белгилеген.

“Акыркы үч айдан бери чет жактан авто тетиктерди жана автоунааларды алып келүү менен алектенет. Бул бизнес үчүн акча берчүмүн, бирок көпчүлүк бөлүгүн досторунан алган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында унаалар боюнча маселе жаралып, бажы төлөмдөрүн төлөө маселеси такталганга чейин акыркы эки унааны айып короосуна токтоткон. Өздөрү уулумдан төлөнгөн төлөмдөр боюнча документтерди сурашкан. Бирок уулум акчаны Россиядан төлөгөн, документтердин көчүрмөсүн көрсөткөн. Бирок, Финполиция аларды өз каналдары аркылуу сураган” – дейт Шухрат Сабиров.

Ал унаалар эки айдан бери камакта турганын, баласынын мыйдай кадамга барганын кечээ түндө билгенин кошумчалаган.

Шухрат Сабиров окуядан жабыр тарткан кароолчу менен сүйлөшкөнүн, анын уулуна карата эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

“Унаа токтотуучу жайдын кароолчусунун айтымында, аны ур-токмокко алышкан эмес, бирок оозун, колун жана бутун скотч менен чаптап, андан үн чыгарбоону суранышыптыр. Менин уулум жана анын жолдошторуна эч кандай дооматы жок” – дейт Сабиров.

Белгилей кетсек, унаалар КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө органдары тарабынан камакка алынган. Бирок 7-сентябрда “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдалып, андан кийин Бишкектеги жаңы конуштарынын биринен табылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: