Бүгүн, 13-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 53 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 11, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 7, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 10, Талас облусунан – 1, Баткен облусунан – 8 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44881ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 143 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40922ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 59 адам; Чүй облусунан – 6 адам, Ош облусунан – 10, Ош шаарынан – 1, Баткен облусунан – 19 адам, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 28, Ысык-Көл облусунан – 17.
Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ