Бүгүн, 15-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 13, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 9, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 23 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44 999га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 80 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 103кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 22 адам; Чүй облусунан – 11 адам, Ош облусунан – 7, Ош шаарынан – 3, Талас облусунан – 2, Баткен облусунан – 9 адам, Жалал-Абад облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 11.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ