Чүй облусунун Токмок шаарында өткөн жумада 3 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жантаев көчөсүндөгү кырсыктан 60 жаштагы адам ооруканага жетпей көз жумган. Ал унаанын дөңгөлөктөрүнүн астына калып калган.
Шаардык ооруканадан 3 адам кырсыктын кесепетинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен кайрылышканын билдиришти.
6-сентябрда Дунларов жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа кагышкан. Натыйжада 2 адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жеткирилген.
Ошол эле күнү Ибраимов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ