Menu

Чолпон-Ата шаарындагы аймактык оорукана 21,4 миллион сомго оңдолду

Бөлүшүү:

Чолпон-Ата шаарында 70 орунга эсептелген райондук оорукананын капиталдык ремонту аяктады. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, объектти оңдоп-түзөө иштери июль айында башталган, ал эми сметалык наркы 21,4 млн сомду түзгөн.

“Подряддык уюм электр зымдарын, желдетүү жана канализация тутумдарын жаңыртып, жаңы сантехникалык шаймандарды, терезелерди жана эшиктерди орнотту” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, имараттын чатыры алмаштырылып, терезе, эшиктер толугу менен жаңыга алмаштырып, полдор жаңыланган. Медициналык мекеменин аймагын көрктөндүрүү иштери жүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: