Menu

Баткендин 46 жаштагы тургуну бир тууган агасын өлтүрдү деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Баткен облусунда эркек киши өз агасын өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда облустук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барып, 63 жаштагы маркум 46 жаштагы иниси тарабынан сабалганын аныкташкан.

“Маркум 81 жаштагы апасы менен жашачу. Анын бир тууган иниси сабап, 60тан ашса дагы апасы менен жашайт деп муунткан. Алган жаракатынан улам 63 жаштагы эркек киши ошол эле күнү түн ичинде каза болгон” – деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар Баткен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды. Киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалган 46 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: