Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялар боюнча соттук отурум уланды. Отурумда судья Марат Сыдыков төрагалык кылды.
Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына билдиргендей, сотто УКМКнын “Альфа” атайын түзүмүнүн кызматкерлери көрсөтмө беришти.
“Фархат Баабиев күбөгө суроо бергиси келди. Бирок судья ага мүмкүнчүлүк бербей, сот залынан чыгарууну чечти. Жактоочулар бул чечимди негизсиз деп эсептешет. Калган айыпталуучулар дагы адвокаттарын колдоп, нааразычылык билдирип залдан чыгып кетүү каалоосун билдиришти. Жыйынтыгында судья Марат Сыдыков сот залынан бардыгын чыгарды” – деп жазган Кундуз Жолдубаева.
https://www.facebook.com/kunduz.zholdubaeva/videos/363515905014511
Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Жапырт башаламандык”, “Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ