Россия Кыргызстанга, Казакстанга, Беларуссияга жана Түштүк Корея менен аба каттамдарын калыбына келтирет. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Маалым болгондой, мындай чечимди Россиянын коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штаб кабыл алган.
Ошентип, 21-сентябрдан баштап Казакстан (Нур-Султан), Кыргызстан (Бишкек) жана Беларуссия (Минск) менен эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу чечими кабыл алынды. Ал эми 27-сентярдан баштап Россиядан Сеулга (Түштүк Корея) аба каттамдар жанданат.
Билдирүүдө “көрсөтүлгөн мамлекеттерге учуулар жумасына бир жолу макулдашуунун негизде жүргүзүлөт” деп белгиленген.
Белгилей кесек, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар коронавирус инфекциясынны жайылып кетүү коркунучунан улам жаз мезгилинде токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ